Бүгүн, 12-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланууда.
Бүгүн 60 килограмм салмактагы балбандардын беттеши башталды.
1/4 финалда кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековдун Дүйнө чемпиондугундагы эң негизги эки атаандашы, тагыраагы япониялык Кенчиро Фумита менен түркиялык Керем Камал бири-бирине туш келип калды.
Бул эки балбандын кимиси утса жарым финалга чыгат.
Ал эми Жоламан Шаршенбеков 1/4 финалда америкалык Ильдар Хафизов менен кез келет.