Бүгүн, 12-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланат.
Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыкты. Ал алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда болгариялык төрт жолку Европа чемпиону Биляна Дудова менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңип алды.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.