Жоламан Шаршенбеков Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыкты.
Ал чейрек финалда америкалык Ильдар Хафизов аттуу балбан менен кез келди.
Кыргыз балбаны атаандашын 40 секунддун ичинде эле далысын жерге таза басып жеңишке жетти.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.