Бүгүн, 12-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те уланды.
Жарым финалда кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыкты. Анын жарым финалдагы атаандашы япониялык Нонока Озаки аттуу балбан кыз болду.
Айсулуу Тыныбекова оор беттештин жүрүшүндө япониялык балбанга 11:5 эсебинде жеңилип калды.
Эми Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшөт.
Былтыр Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпиондугунун финалында дагы Айсулуу Тыныбекова дал ушул Нонока Озакиге жеңилип калган.