UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов "UFC 279" турниринде кезектеги жеңишин жеңген чечен улутундагы швециялык мушкер Хамзат Чимаевге кайрылды.
Тактап айтканда, Хабиб Лас-Вегастагы турнирдин алдында салмак өлчөөдө эмне болуп кеткенин билерин белгилеген.
"Эгер сен мусулман болсоң, чөйрөңдө "эй, мындай кылба" деп айтып турган мусулман адамдар керек. Жакында эле Хамзат Чимаевдин таразага тартылышын көрүп калдым, анын айланасында мусулмандар жок, бул абдан жаман. Анткени сен мусулман болсоң айланаңа жакшы, күчтүү адамдар керек.
Атактуу жана бай болуп турсаң дагы жаныңа кеңеш бере турган адамдар керек. Эгер сен аларды укпасаң, анда бир нерсе болот. Сага жакпаса дагы сенин жаныңда жакшы адамдар болушу керек", - деген Хабиб Нурмагомедов.
Эске салсак, Хамзат Чимаев "UFC 279" турниринде америкалык Нейт Диас менен боло турган беттештин алдында салмак өлчөөдө 3, 4 килограммдык артыкчылык көрсөтүп, өтпөй калган. Жыйынтыгында Диас менен болгон беттеш жокко чыгарылып, Кевин Холланд менен беттешип, аны биринчи раундда муунтуу ыкмасы менен жеңген. Ошол эле маалда салмак өлчөө алдында Чимаев менен Диастын командаларынын ортосунда массалык мушташ болуп, андан улам турнир алдындагы салттуу маалымат жыйыны өтпөй калган.