Бүгүн, 13-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери уланат.
Бүгүнкү мелдеште күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Ал финалда болгариялык Армен Назарян менен күрөшөт.
Ошондой эле кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшөт. Анын атаандашы Анна Сзель (Венгрия) - Илона Прокопевнюк (Украина) жубунун жеңүүчүсү болот.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алат.
Мындан тышкары бүгүн Айпери Медет кызы дагы килемге чыгат. Ал алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштайт жана Хуан Ванг (Кытай) - Камиле Гаукайт (Латвия) жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.
Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.