Бүгүн, 13-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери уланды.
Дүйнө чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда Хуан Ванг аттуу балбан кыз менен кез келип, тилекке каршы, 7:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Эгерде кытайлык балбан финалга чыга турган болсо, Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.