Баткен районунда уурулукка шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

Баткен районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кыматынан SUPER.KG порталына маалымдашты.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 2-августка караган түнү белгисиз адамдар Баткен районунун аймагындагы айылдардын бириндеги үйгө кирип, үй ээсинин 65 миң 500 сомун уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Баткен районунун 23 жаштагы Г.У. аттуу тургуну кармалган.

Бүгүнкү күндө анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан