Кадамжайда 9-класстын окуучусун зордуктап өлтүрүү фактысы боюнча милиция кызматкерлеринин арасында дагы кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу комитет жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
"Бул кылмыш негизинен күндүз болгон. Биздин кызматкерлердин ар бир жарандардын үстүнөн карап жүргөнгө дагы мүмкүнчүлүгү жок да. Бирок кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Териштирүүнүн негизинде аймактык тескөөчүгө, жетекчилерге карата чечим кабыл алынат", - деди Абдиев.