Ысык-Көлдө 9-класстын окуучусу каза тапты. Ысык-Көл ОИИБинин маалыматы боюнча, 1-август күнү А.А. аттуу өспүрүм Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылында орун алган кичи футбол аянтчасында футбол ойноп жаткан учурда футбол дарбазасы аны басып калып, денесинен жаракат алган.
Ушул эле күнү Ак-Суу РИИБине Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшүп, анда 14 жаштагы тургун денесинен алган жаракаты менен кайрылгандыгы маалымдалган. Кийинчерээк ата-энеси Бишкек шаарына дарыланууга алып барганда, 6-август күнү каза болуп калгандыгы маалым болгон.
28-август күнү Ак-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган.