Бүгүн, 13-сентябрда Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков финалда болгариялык Армен Эдмонд Назарян аттуу балбан менен кез келди. Жоламан Шаршенбеков атаандашын беттештин биринчи бөлүгүндө эле 11:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында экинчи Дүйнө чемпиону болду.