Футбол: Коңшу өлкөлөрдүн улуттук курамалары Орусия менен ойноодон баш тартышканы айтылды

Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командалары Орусия менен ойноодон баш тартышкан. Мындай маалыматты Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын футбол союзу жолдоштук беттеш өткөрүү үчүн Казакстандын футбол федерациясына кайрылган жана бул сунуш четке кагылган.

Өзбекстандын футбол федерациясы Орусия курамасы менен жолугушуу өткөрбөө үчүн беттеш өткөрүүнү пландаган даталарга атаандаш издеп жатканы белгилүү болду. Азербайжандын футбол федерациясы да Орусия курамасы менен ойноону пландабаганын билдирген.

7-сентябрда Орусия курамасынын алдыдагы беттештердеги атаандаштары белгилүү болду. Алар Кыргызстан менен Ирандын курама командалары. Валерий Карпиндин командасы эки оюнду тең конокто өткөрөт. Алгачкы оюн 24-сентябрда Бишкекте өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-09-15 07:35:00
Туура кылыптыр кошуналар. Казакстан дагы Өзбекстан дагы өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн өлкөлөр чындыгында алар үчүн Орусия маанилүү эмес элдин баары эле биздей эмес орустар эмне десе ляппай дей бергидей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан