Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 14-сентябрда Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде болгон. Анда Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын чек ара отрядын табышкан. Коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлери мурда жетишилген макулдашууларын бузуу менен мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлеп алышкан.
"Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү талабына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Буга жооп катары кыргыз чек арачылары да курал колдонушкан. Атышуу башталып, анын жүрүшүндө тажик тарап миномётторду колдонгон. Саат 9:30га карата ок атышуу мезгил-мезгили менен башталып, токтоп турат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Баткен чек ара отрядынын башчысы окуя болгон жерге жөнөп кетти", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.
Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстан Чек ара кызматынын Согди облустук башкармалыгынын башчысы Х.Пиракзоданын ортосунда чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында телефондук сүйлөшүүлөр болду. Тараптар жолугушууну пландаштырууда.