Бүгүн, 15-сентябрда саат 05:30 чамасында Дүйнө чемпиондору Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана коло медалдын ээси Амантур Исмаиловду "Манас" аба майданынан активисттер, күйөрмандар жана алардын жакындары салтанат менен тосуп алышты.
Мындан сырткары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган бийлик өкүлдөрү бар.
Белгилей кетсек, Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда балбандарыбыздын арты менен Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы 2 алтын, 1 коло байгеге ээ болду.