Буга чейин Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча алтын медалга ээ болгон Акжол Махмудов жеңишинен кийин машыктыруучусуна аты жок манжасын көрсөткөнү талкууга алынган. Интернет колдонуучулары балбан машыктыруучусунан үйлөнүүгө уруксат сураганын жазышкан.
Ал эми Акжол Махмудов бул боюнча төмөнкүлөрдү айтты.
"Чындыгында мен Дүйнө чемпиондугуна даярданар алдында жеке машыктыруучум жана ата-энем менен сүйлөшкөм. Ошондо алар "эгер Дүйнө чемпиондугунда утсаң, үйлөнүүгө уруксат беребиз" дешкен. Агайларым, ата-энем туура көрүшсө, быйыл үйлөнөйүн дегем. Албетте, жеке өзүмдүн каалоом менен бул жолго бара албайм. Мен сөзүмө турдум, эми көрөбүз", - деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-сентябрда саат 05:30 чамасында Дүйнө чемпиондору Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана коло медалдын ээси Амантур Исмаиловду "Манас" аба майданынан активисттер, күйөрмандар жана алардын жакындары салтанат менен тосуп алышты.
Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган бийлик өкүлдөрү да келишкен.