Бүгүн, 15-сентябрда Эрназар Акматалиев Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча килемге чыгат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтына жарыяланды.
Балбан 70 килограмм салмакта мелдештин 1/8 финалында молдавиялык Максим Сакултан менен канадалык Винсент де Маринистин жеңүүчүсү менен күрөшөт.
Учурда Кыргызстандын куржунунда үч медаль бар. Эки алтын жана бир коло. Командалык эсеп боюнча 5-орунду ээлеген.
Сербиянын Белград шаарында башталган Дүйнө чемпиондугу 18-сентябрда жыйынтыкталат. Ага өлкөнүн атынан 15 спортчу аттанган.