Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына жолдомо алды.Учурда Кыргызстандын куржунунда үч медаль бар. Эки алтын жана бир коло. Командалык эсеп боюнча 5-орунду ээлеген.
Сербиянын Белград шаарында башталган Дүйнө чемпиондугу 18-сентябрда жыйынтыкталат. Ага өлкөнүн атынан 15 спортчу аттанган.