Бүгүн, 15-сентябрда күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде кыргыз балбаны Арсалан Будажапов тажикстандык атаандашын 10:0 эсебинде жеңди.
Эркин күрөш боюнча 79 килограмм салмак ченинде Шухрат Бозоровту утуп чейрек финалга жолдомо алды. Эми ал 1/4 финалда дүйнөнүн 5 жолку чемпиону, олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү америкалык балбан Жордан Эрнест Барроуз менен күч сынашат. Будажапов алгачкы айлампада франциялык атаандашын жеңген эле.
Белгилей кетсек, Сербиянын Белград шаарында 10-18-сентябрь күндөрү өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышууда, алардын үчөө кыздар. Азырынча Кыргызстандын куржунунда грек-рим күрөшүнөн 2 алтын жана 1 коло байге бар.