Дүйнө чемпиондугу: Эрназар Акматалиев япониялык балбанга жеңилип калды

Бүгүн, 15-сентябрда Эрназар Акматалиев Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында япониялык балбан Таиши Нарикуниге жеңилип калды.
Эми ал эртең, 16-сентябрда коло медаль үчүн күрөшөт, анын атаандашы аныктала элек.
Белгилей кетсек, спортчу 70 килограмм салмак категорияда мелдешке катышууда.

Учурда Кыргызстандын куржунунда үч медаль бар. Эки алтын жана бир коло. Командалык эсеп боюнча 5-орунду ээлеген.

Сербиянын Белград шаарында башталган Дүйнө чемпиондугу 18-сентябрда жыйынтыкталат. Ага өлкөнүн атынан 15 спортчу аттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Аkjol18
2022-09-16 07:45:00
Ден соолук,ийгиликтер алдыда дагы. Бечара ала-көөдөн, куулукту билбеген кыргызым. Саналуу секунда калганда ,убакыттан утушту каалабай чыныгы күрөш тартуулагысы келген таза балбан жигит экенсиң.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан