Бүгүн, 16-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары килем үстүнө чыгат.
Анда Эрназар Акматалиев (70 килограмм) жана Арсалан Будажапов (79 килограмм) коло байге үчүн күрөшөт.
Ал эми Бекболот Мырзаназар уулу 1/16 финалды түркиялык балбан менен кез келет. Ошондой эле Исламбек Орозбеков да 1/16 финалды АКШ балбаны менен күрөшөт.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.