Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Индияда өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдештин жуптугунда жарым финалда утулду. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Ксения Палкина британиялык Жейд Виндли менен жуптукта мелдештин жарым финалында таиланддык Нича Лертпитаксиншай жана Пингтарн Плипуэч жуптугуна 2 сеттин жыйынтыгында уттуруп жиберди (2:6, 3:6).