Бүгүн, 5-декабрда Түштүк Кореянын Жежу шаарында дзюдо боюнча Эл аралык "Гран-При" мелдеши старт алды. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайты билдирет.
Кошумчалай кетсек, 90 килограмм салмактык бөлүктө эртең, 6-декабрда мелдештин жарым чейрек финалында кыргызстандык Чингис Мамедов кореялык Дай-Бонг Канг менен кез келет. Бул салмактык бөлүктө дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн 15 спортчу катышып жатат.