Футбол боюнча Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону, легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугуна катышуучу 32 команданы 8 тайпага бөлүү үчүн орун ала турган чүчү кулак таштоо аземине катышуудан баш тартты. Бул тууралуу британиялык басылмалар билдирет.
Маалыматка ылайык, Пеле мындай чечимге Бразилия курама командасын оор тайпага бөлүнүүсүнөн сестенгенинен улам келген. Аземде Бразилиянын атынан чыгууну ага өлкөнүн президенти Дилма Руссефф сунуштаган.
Эске салсак, чүчү кулак таштоо аземи 6-декабрда Бишкек сааты боюнча 22:00дө башталат. Анда Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алган 32 команда төрт-төрттөн 8 тайпага бөлүштүрүлөт.