Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги алдында 12-сентябрдан 27-сентябрга чейин окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу билдирди.
Машыктыруучулар штабы окуу-машыгуу жыйынына чакырыла турган 32 оюнчунун кеңейтилген тизмесин жарыялады.
Дарбазачылар: Токотаев Эржан, Прядкин Артем, Акималиев Калысбек, Алыбеков Дастан жана Чомоев Султан.
Коргоочулар: Кичин Валерий, Козубаев Тамирлан, Акматов Айзар, Сокирченко Данила, Мищенко Александр, Браузман Християн, Изаков Кайрат.
Жарым коргоочулар: Жыргалбек уулу Кайрат, Сагынбаев Бекжан, Мусабеков Фархат, Шүкүров Алимардон, Абдурахманов Одилжон, Атабаев Эрбол, Дүйшөбеков Бактыяр, Каныбеков Адилет, Ахмедов Муролимжон, Рустамов Турсунали, Давыдов Николай, Жумашев Атай, Алыкулов Гүлжигит, Исраилов Ахлидин, Юлдашев Шерали, Шаршенбеков Арлен жана Сыдыков Азиз.
Чабуулчулар: Мурзаев Мирлан, Батырканов Эрнис жана Алыгулов Максат.