Мюнхендик “Бавариянын” жана Голландия курама командасынын жарым коргоочусу Арьен Роббен тизесинен алган жаракатынан улам жылдын аягына чейин ойнобойт. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда германиялык басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, Роббен жаракатынан кем дегенде 4 аптада айыгат. Демек, УЕФАнын Чемпиондор лигасынын 6-тур оюнуна, Германиянын чемпиондугунун 4 оюнуна жана Мароккодо өтө турган клубдар аралык Дүйнө чемпиондугуна катыша албайт.
Эске салсак, голландиялык футболчу Германиянын кубогунун чейрек финалында “Аугсбург” менен болгон оюнда жаракат алган. Оюн 2:0 эсебинде аяктап, анын бир голун футболчу өз эсебине жазган.