Жазаларды аткаруу кызматынын офицери жиу-житсу боюнча Азия чемпиону болду

Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) офицери жиу-житсу боюнча Азия чемпиону болду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн Комбат жиу-житсу боюнча мелдеште Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери, майор Сатиев Нурбек Жунусович жеңүүчү болду.

"Ал 85 килограмм салмакта 1-орунду ээлеп, Дүйнө чемпиондугунун алдында Азия чемпиону болду. Комбат жиу-житсу – бул прикладдык мушташ искусствосу жана эл аралык согуш өнөрү, анын негизи аскердик операцияларда, армиянын жана полициянын атайын күчтөрүнүн чабуулдук операцияларында чыныгы кол кармашуу искусствосу. Көчө кылмыштарынын агрессиясын кайтаруу ыкмаларынын комплекси. Жогорку ылдамдыктагы күрөш менен мүнөздөлгөн бул дисциплинада сокку уруу ыкмалары, күрөш, муунтуу ыкмалары, куралдар менен өзүн-өзү коргоонун импровизацияланган каражаттары колдонулат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан