Бишкекте 50 жаштагы жаран аял кишини сабоого шектелип кармалды

Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндөгү соода борбордун жанында аял кишини сабоого шектелип 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Билдирүүгө ылайык, окуя кечээ, 21-сентябрь күнү саат 16:30 чамасында болгон. Анда М. аттуу жаран соода борбордун жанында Х.Н аттуу аял киши менен уруша кетип, аны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, денесине залал келтирген.

Бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда аял кишини сабоого шектелип кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан