Бишкекте өтө турган футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы менен Орусия курамасынын жолдоштук беттешине билеттердин баасы белгилүү болду.
Алсак, стадиондун чыгыш трибунасына билеттердин баасы 700 сом. Батыш трибунасындагы төмөнкү катмарга билеттин баасы 800 сом болсо, экинчи катмарга билет баасы 1000 сом.
Бүгүн, 22-сентябрь саат 00:00гө чейин билет сатып алгандарга 50 пайыз арзандатуу бар.
Оюн 24-сентябрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.