Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын Орусия менен боло турган жолдоштук беттешке карата акыркы курамы жарыяланды.
Акыркы курамга 25 футболчу кирди.
Дарбазачылар: Токотаев Эржан, Прядкин Артём жана Чомоев Султан.
Коргоочулар: Кичин Валерий, Козубаев Тамирлан, Акматов Айзар, Сокирченко Данила, Мищенко Александр, Браузман Християн, Изаков Кайрат.
Жарым коргоочулар: Жыргалбек уулу Кайрат, Сагынбаев Бекжан, Мусабеков Фархат, Шүкүров Алимардон, Абдурахманов Одилжон, Атабаев Эрбол, Дүйшөбеков Бактыяр, Каныбеков Адилет, Ахмедов Муролимжон, Рустамов Турсунали, Давыдов Николай, Алыкулов Гүлжигит жана Юлдашев Шерали.
Чабуулчулар: Мурзаев Мирлан жана Батырканов Эрнист.
Орусия менен Кыргызстандын курама командаларынын жолдоштук беттеши эртең, 24-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.