Жакында “Украинские атаманы” деген аталыштагы жарым профессионалдык бокс клубу менен келишим түзгөн кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 6-декабрда Украинанын Бровары шаарында “Украинские атаманы” жана “Аргентинские кондоры” клубдарынын мушкерлеринин ортосунда 5 салмак категориясында (52 кг, 60 кг, 69 кг, 81 кг, 91 кг) беттештер уюшулат.
52 килограмм салмак категориясында рингге чыга турган кыргызстандык Азат Усеналиевдин Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларындагы биринчи атаандашы Кристиан Эдуардо Рода болмокчу.