Бүгүн, 24-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Орусия курама командасынын жолдоштук беттеши өтүүдө.
Анда Кыргызстандын эсебине футболчу Алимардон Шүкүров 1 гол киргизди. Андан соң Орусия курама командасы пенальти менен эсепти теңеди. Беттештин биринчи бөлүгү 1:1 менен аяктады. Учурда оюндун экинчи бөлүгү жүрүп жатат.