Өз мекенинде көп суммадагы насыя алып качып жүргөн өзбекстандык жаран Оштон кармалды

Өз мекенинде бир жарым миллион доллардан ашуун насыя алып, кайтарбастан качып жүргөн өзбекстандык жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмыш иликтөө тобу тарабынан Өзбекстан Республикасынын 1977-жылы туулган К.О. аттуу жараны кармалган. Ал коӊшу Өзбекстан Республикасы тарабынан изделип жаткан.

"Шектүү 2021-жылдын июнь айында Өзбекстан Республикасындагы банктардын биринен 1 миллион 641 миң 925 доллар өлчөмүндө насыя алып, шериктери менен өз кызыкчылыгына коротуп андан соң из жашырышкан.

Кармалган шектүү учурда коӊшу мамлекет аралык келишимдердин талабына ылайык мекенине өткөрүп берүү боюнча иштер аткарылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-09-26 12:26:00
Йоптуваймааат ошончо акчаны эмне кылды экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан