Футбол боюнча Орусия курама командасынын жана "Зенит" футболдук клубунун жарым коргоочусу Андрей Мостовой Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун газону начар абалда экенин айтты.
"Татаал оюн болду. Алар өз үйүндө ойношту. Бул жерде жакшы атмосфера болду, күйөрмандар муну сагыныптыр. Бизге оюн талаасы аябай оор болду. Мындай талаада топту кабыл алып, башкаруу дагы оор. Талаанын сапаты анча жакшы эмес экен. Эмоция тууралуу айта турган болсом, алардын командасы өз талаасында Орусия менен ойноду. Албетте, бул абдан чоң шыктануу", - деди Мостовой оюндан кийин.
Беттеш 1:2 эсебинде Орусиянын жеңиши менен аяктаган.