
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 82 бүтүрүүчүсү дипломду мыйзамсыз алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педогогикалык багыты боюнча бюджеттик (гранттык) группаларды аяктаган 82 бүтүрүүчү Жалал-Абад облусунун аймагындагы райондордо орто билим берүү мектептеринде 2 жана 3 жыл иштешкендиги тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырышып, жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу дипломдорду алып кетишкен.
Дипломдорду алууга негиз болгон буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн текшерүүдө, Жалал-Абад облусунун райондорундагы билим берүү бөлүмдөрү тарабынан жогорудагы 82 бүтүрүүчү орто мектептерде иштебегендиги жана аларга айлык маяна чегерилбегендиги аныкталган.
Башкача айтканда, Жалал-Абад облусунун аймагындагы айрым мектептердин директорлору өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мектептерде иштебеген 82 бүтүрүүчүлөргө жасалма буйрук, тактама жана эмгек китепчелерине жалган маалыматтарды киргизишкен.
Алардын жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 8 миллион 581 миң 819 сомдук зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.