"Телефон жана 16 миң сомун уурдап кеткен". Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында уурулукка шектүү жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, милицияга шаар тургуну К.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 22-сентябрь күнү болжол менен саат 13:45 чамасында Свердлов районундагы мечиттердин биринен ичинде Samsung үлгүсүндөгү телефон жана 16 миң сом болгон барсеткасын уурдап кеткен жарандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Сврдлов РИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси "уурдоо" менен катталган. Издөө иштеринин жүрүшүндө, 1993-жылы туулган К.О. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүнкү күндө шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Эгерде жогорудагы жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, төмөнкү телефон номерлер аркылуу кабарлап коюуну милиция кызматы өтүнөт: 0 705 31-09-31 ; 0 706 80-03-60, 0 702 08-02-08, 0 312 43-28-15 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан