Орусиянын футболчулары Кыргызстан менен болгон оюнда оюнду эмес, саясий кырдаалды көп ойлонгону айтылды

Футбол боюнча Орусия курама командасынын футболчулары Бишкекте өткөн оюнда оюнду эмес, Орусиядагы мобилизацияны көбүрөөк ойлонушту. Бул тууралуу Орусия курамасынын башкы машыктыруучусу Валерий Карпин билдирди.

Анын айтымында, айрым футболчулар досторуна чакыруу кагазы келгенин билдиришкен.

"Айланаңдагылардын бардыгы ушул тема жөнүндө айтып жатса, сен дагы ойлонот экенсиң. Биздин курама мобилизацияны талкуулады. Муну ойлобой коюу дагы кыйын", - деди Карпин.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен болгон беттеште Орусия курама командасынын көптөгөн оюнчуларынын оюн футбол эмес, саясий кырдаал ээлеп алганын кошумчалады.

Орусия менен Кыргызстандын жолдоштук беттеши 24-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн. Оюн 1:2 эсебинде Орусиянын жеңиши менен аяктаган.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан