Лионель Месси кандай шартта "Барселона" клубуна кайтып барары айтылды

Аргентинанын жана ПСЖнын чабуулчусу Лионель Месси келерки жайда "Барселона" клубуна бир шарт менен кайтып келүүгө даяр экени айтылды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышат.

Маалыматта айтылгандай, 35 жаштагы футболчу эгерде "Барселона" клубунда коргоочу Жерер Пике жок болсо, аталган клубга кайтып келүүгө даяр экендигин билдирген.

Месси менен Жерер Пикенин мамилеси акыркы жылдары начарлап кеткен. Алар акыркы сезондогу оюнда бири-бири менен сүйлөшкөн эмес.

Келе жаткан жайда Мессинин париждик ПСЖ клубу менен болгон келишими соңуна чыгат. Ал эми Жерар Пике январь айында "Атлетико" клубуна өтөрү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан