Кечээ, 5-декабрда Түштүк Кореянын Жежу шаарында дзюдо боюнча старт алган Эл аралык "Гран-При" мелдешинде кыргызстандык Чингис Мамедов биринчи беттешинде утулуп калды. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 90 килограмм салмактык бөлүктө ал мелдештин жарым чейрек финалында кореялык Дай-Бонг Канг менен кездешкен. Жыйынтыгында кыргызстандык дзюдочу утулуп, мелдештен чыгып калды.