Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 16 жаштагы кызга үйлөнүп алган милиция кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, Сузак районунун прокуратурасы жашы жете электердин укуктарынын сакталышы боюнча атайын текшерүү иштерин жүргүзгөн. Анын алкагында 2021-жылдын 20-декабрында Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын 28 жаштагы Э.К. аттуу кызматкери жашы жете элек Базар-Коргон районунун 16 жаштагы тургуну К.Х.га үйлөнгөнү аныкталган. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы кыйган.
“Буга байланыштуу кыздын апасы, милиция кызматкери жана имамга иш козголуп, милиция кызматкери кызматынан бошотулду", - деп айтылат атайын кызматтын тараткан маалыматында.
Учурда аталган иш Сузак райондук сотуна жиберилип, кароо алдында турат.