Казакстандын көз карандысыздыгынын 22 жылдыгына карата эрежесиз эр уруштун ММА түрү боюнча уюшулуп жаткан “Улуу салгылаш 2” мелдешине кыргызстандык 3 мушкер катышат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдеште кыргызстандык Актилек Жумабек уулу орусиялык Азиз Абдулвахабов менен беттешет. Ал эми “Ак барс” лакап аты менен таанылган Жаныбек Аматов казакстандык Адил Боранбаевге, Кылычбек Саркарбаев тажикстандык Олим Элжанов менен рингде кез келет. Мелдеш 19-декабрда старт алат.