"Манас" аэропортунан чоң көлөмдөгү алтын куймаларын өлкөгө алып кирип жаткандар кармалды

"Манас" эл аралык аэропортунан бажы мыйзамдарын бузуп, алтын эритмелерин өлкө айа=магына мыйзамсыз алып кирип жаткандар аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, "Т.А." авиакомпаниясы менен эл аралык почта аркылуу Малайзиядан алуучу "М.Э." ЖЧКнын дарегине жеке колдонуу үчүн товарлар келген. Авиа коштомо баракчасына ылайык, товардын жалпы салмагы 488 килограммды түзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Bernhard H.Mayer" соода маркасынын ассортиментинен зер буюмдары жана кол сааттар табылган. Экспертизанын жыйынтыгында зер буюмдар 750 пробадагы алтын эритмесинен жасалганы аныкталган.

"Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасына ылайык, товардын орточо базар баасы 44 миллион 814 миң 272 сомду түздү. Ошол эле учурда көрсөтүлгөн документтерде товардын жалпы бажы баасы 2897 долларды түзгөн. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 12 миллион 896 миң 566 сомду түздү", - деп билдиришти Бажы кызматынан.

Бул боюнча чогултулган материалдар кароо үчүн Башкы прокуратурага жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан