Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун легендарлуу оюнчусу Икер Касильяс колумбиялык ырчы Шакира менен болгон мамилеси тууралуу кептерге реакция жасады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Өткөн жылдын жай айында Шакира 2010-жылдан бери сүйлөшүп "Барселонанын" коргоочусу Жерар Пике менен эки ажырым жолго түшкөн. Азыр испаниялык басылмаларда ырчынын "Реалдын" мурдагы дарбазачысы Икер Касильяс менен болгон махабаты тууралуу жаңылыктар баштады. Бирок дарбазачы өзү бул маалыматты четке какты.
Касильяс социалдык тармактагы баракчасына "Оо кудай, бул окуялар кайдан чыгып жатканын билбейм", - деп жазды.
Икер Касильяс 1998-2015-жылдары "Реал Мадрид" клубунда ойноп, андан кийин Португалиянын "Порту" клубуна өткөн. 5 жылдан кийин, тагыраагы 2020-жылы ал "Порту" клубунан карьерасын жыйынтыктаган.