Бүгүн, 1-октябрь Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында карышмалы аба күрөшү боюнча курама команда 6 медаль жеңди.
75 килограмм салмакта Манас Үсөнов 1-орунду ээлеп мелдештин чемпиону болду. 90 килограммдан жогоркулар арасында Орозбек Алмазбеков күмүш байге ээледи. Ошондой эле Урмат Нарынбеков, Азим Эсенбек уулу коло байгенин ээлери болушту.
Аталган мелдешке Кыргызстандан жалпы 6 балбан катышты. Бекмамат Бейшен уулу жана Тилек Куралов 4-орунду ээледи.