Бүгүн, 2-октябрда Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдештер уланат.
Бүгүнкү мелдеште көкпар боюнча Кыргыз улуттук курама командасы финалда Казакстан менен ойнойт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө старт алат.
Түркияда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көкпар жана көк бөрүдөн эки курама команда барган. Казакстандан дагы ушундай эле эки курама команда катышууда.