Бүгүн, 2-октябрь Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк пар боюнча Кыргызстан-Казакстан беттеши өттү.
Беттештин алгачкы бөлүктөрүндө эки команда бирдей 3:3 упайга ээ болсо, чечүүчү бөлүктө Казакстан 1 упай менен алдыга чыгып жеңүүчү болду.
Муну менен Казакстан көкпар боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду.
Белгилей кетсек, Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да көк бөрү боюнча беттеш өтөт. Анда Кыргызстан Казакстан менен ойнойт.