Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Казакстанды 5:0 эсебинде утуп алды.
Беттештин биринчи бөлүгү 3:0 эсебинде, ал эми экинчи бөлүгү 5:0 эсебинде жыйынтыкталган.
Чечүүчү 3-бөлүктө Казакстандын көк бөрүчүлөрү "Аттарыбыз чарчап калды" деген жүйө менен оюн талаасына чыкпай коюшту.
Жыйынтыгында оюн 5:0 эсебинде Кыргыз курамасынын пайдасында аяктады.
Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, Таши Майлыбашев жана Майрамбек Рыспек уулу салым алып келди.
Белгилей кетсек, атайын көк бөрү үчүн жасалган тай казанды жана Манас Ниязовдун Түркиядан сатып алынган аргымагын Түркияда жашаган вандык кыргыздарга тапшырышты.