Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалынын сүрөтү жарыяланды.
Сүрөттө көрүнгөндөй медалдын көлөмү кичинекей болгон. Медаль уткан спортчуларга медалдан башка эч нерсе берилген эмес. Ошондой эле спортчулар уткан медалдарын пьедасталга чыкпастан, кезекке туруп анан алышкан. Буга көпчүлүк нааразы болууда.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи кечээ, 2-октябрда өттү. Кыргыз курамасы көчмөндөр оюндарында жалпы 58 медаль жеңди. Анын ичинен 16сы алтын болсо, 17 күмүш жана 25и коло медаль.