Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда чемпион аталган кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков өзүнүн салмагында рейтингде биринчи орунга чыкты. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кыргыз балбаны 55 миң упайы менен биринчи орунга жайгашты. Ушул эле салмак категорияда экинчи орунга финалда Жоламан Шаршенбековдон жеңилген болгариялык Эдмонд Назарян жайгашса, үчүнчүгө азербайжандык Мурад Маммадов жайгашты.
Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында болгариялык балбанды 11:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, чемпион аталган.