Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 6-орунга түшүп калды

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде 6-орунга түшүп калды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Тыныбекова 62 килограмм салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча рейтингде 33 миң упай менен алтынчы сапта турат. Буга чейин ал биринчи орунду эч кимге бербей келген. Учурда рейтингдин сап башына 2022-жылы дүйнө чемпиону болгон япониялык Нонока Озаки чыкты.

Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта 12-сапка (буга чейин биринчи орунда турган), Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта 9-сапка (буга чейин экинчи орунда турган) түшүп калды.

Рейтинг 10-18-сентябрь күндөрү Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен кайрадан түзүлгөн.

Анда Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн кармашта украиналык Илона Прокопевнюкка 7:8 эсебинде утулуп калган.

Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан