Бүгүн, 4-октябрда актриса Динара Багышбаева көз жарып, кырк жылкылуу болду. Мындай сүйүнүчтүү кабары менен ал инстаграм баракчасына бөлүштү.
"Кош келипсиң, Амира кызым! Атаң экөөбүз сени жакшы көрөбүз" деп жазган актриса.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын август айында актриса турмуш жолуна аттанып, Токтогулга келин болгон.
Актриса 1992-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Ал алгач Тамашоуго "No name" командасынын катарында катышып, кийин тасма, клиптерде образ жарата баштаган.